Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:53

ФИФАнын машыктыруучусу кыргызстандык жеткинчектерди тарбиялай баштады


ФИФАнын машыктыруучусу Бишкекте.
ФИФАнын машыктыруучусу Бишкекте.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) машыктыруучусу Даниэл Лимонес Кыргызстандагы футболго кызыккан таланттуу өспүрүмдөрдү машыктыра баштады.

Испаниялык Лимонес Бишкекке FIFA Talent Coaching программасынын алкагында келген. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси 2-февралда расмий интернет баракчасында кабарлады.

Лимонес февраль айынан июлга чейин эки өспүрүмдөр командасын машыктырат. УЕФА PRO лицензиясы бар машыктыруучу Испаниядагы "Атлетико Мадрид" академиясынын координатору, Пакистандын футбол федерациясынын улуттук директору кызматында иштеген.

ФИФАнын жаш таланттарды машыктыруу программасы ар бир жеткинчекке чоң футболго чыгуу мүмкүнчүлүк ачууга багытталган долбоор.

Бул пилоттук долбоор Коста-Рика, Венесуэла, Бенин, Түштүк Африка, Финляндия, Фижи аралдары жана Кыргызстанда гана ишке ашууда.

Евразия континентинен бул долбоорго Кыргызстан жалгыз катышууда. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG