Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:32

Былтыр Кыргызстанда 45 миңден ашуун кылмыш иши катталган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылы өлкөдө күч түзүмдөрү тарабынан 45 миң 96 кылмыш иши катталып, анын 42 миң 498и милиция кызматкерлеринин кароосуна берилген.

Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда ИИМдин жыл жыйынтыгын чыгарган жалпы жыйынында айтылды. Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов катталган кылмыш иштеринин дээрлик 60% бети ачылганын айтты.

"2022-жылы калктын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында биз таасирдүү иш алып бардык. Милициянын ишин жакшырта алдык, коомдук тартип көзөмөлдө турду", - деди Бийбосунов.

Улуттук статистика комитети 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын маалымдаган. Ички иштер министрлиги майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын билдирген. Бирок акыркы айларда криминалдык чыр-чатактын же кол салуунун айынан адам өмүрү кыйылган учурлар катталды.

Белградда жайгашкан Numbeo сайты 2022-жылы дүйнөдөгү 142 өлкөдөгү криминалдык кырдаалдын деңгээлин аныктаган. Анын тизмесинде Кыргызстан кылмыштуулук күч алган 50 өлкөнүн ичине кирип, 36-орунду ээлеген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG