Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Ысык-Ата: Төрөт үйүндөгү эне өлүмүнөн улам төрт кызматкер иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Атада 19 жаштагы келиндин төрөт учурундагы өлүмү үчүн “ыкчам сапаттуу акушердик жардам көрсөткөн эмес, жумушун талаптагыдай аткарган эмес” деген негизде төрөт үйүнүн төрт кызматкерин иштен алуу чечими чыкканын 3-февралда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Алар – Ысык-Ата райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун (ЖДПБ) директору Р.Мукаева, директордун орун басары Н.Сабырова, төрөт бөлүмүнүн башчысы А.Бегалиева жана №1 төрөт үйүнүн акушер-гинекологу А.Маматалиев (ал санавиация аркылуу чыгуудан баш тарткан).

Ошондой эле “ыкчам акушердик жардамды сапаттуу көрсөтүү ишин жетиштүү координацияланган эмес” деп Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Б.Мамытовага сөгүш жарыяланды.

Укук тартибин коргоо органдарынын юридикалык баасы берилгенден кийин ЖДПБнын айрым кызматкерлерине чара көрүлөрү айтылды.

Өткөн айда Чүй облусундагы Ысык-Ата ЖДПБнын төрөт бөлүмүнө кайрылган 19 жаштагы келин каза болгон.

Министрлик буга жаңы көз жарган энеде полиоргандык жетишсиздиктин натыйжасында сепсис пайда болгону себеп экени аныкталганын расмий билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, жаш келин төрөт үйүнө 3-январда кайрылган. Баласынын да, өзүнүн да абалы жакшы болчу. 6-январда канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылган. Бирок 11-январда өзүн жаман сезип, жүрөгү айланып, кускусу келип, дарыгерге кайрылганда ал ооруканага жаткырылган.

Economist.kg басылмасы 2021-жылы Кыргызстанда кош бойлуу ар бир 100 миң аялдын дээрлик 25и төрөттөн каза болору тууралуу маалымат жарыялаган. 2015-жылы бул көрсөткүч 15тен жогору болбошу керек деген максат коюлган. (RK)

XS
SM
MD
LG