Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

ИИМ: Жүзүнөн тааныган камера аркылуу үч айда 171 адам кармалды


ИИМдин ыкчам башкаруу борбору.
ИИМдин ыкчам башкаруу борбору.

Кыргызстанда соңку үч айда адамды жүзүнөн тааный ала турган видео байкоонун жардамы менен милиция 171 адамды аныктап, кармаганын бүгүн 3-февралда “Биринчи радиого” курган маегинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Алмаз Батырбаев билдирди. Анын айтымында, мурда орнотулган айрым камераларда адамды жүзүнөн аныктоочу функция тест режиминде былтыркы жылдын ноябрь айынан бери иштеп жатат:

“Кармалгандардын 144ү издөөдө жүргөн кылмышкерлер, 27си дайыны табылбай жаткан адамдар. Кылмышкерлерди жана дайынсыздарды издөө боюнча ар бир адамдын маалыматы атайын системага киргизилип, жүзүнөн таануу программасына туташтырылат”.

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” программасынын алкагында коомдук жерлерде жалпысынан 2177 видеокамера орнотулган, алардын арасынан адамды жүзүнөн аныктай ала турган 519 камераны ИИМдин ыкчам башкаруу борборунда реалдуу режимде көрүп турушат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG