Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Журналисттер Украинада өлгөн 13 миңден ашуун орусиялык аскердин аты-жөнүн тактады


Мобилизациянын алкагында согуш талаасына чакырылгандар.
Мобилизациянын алкагында согуш талаасына чакырылгандар.

Британиянын BBC каналынын жана орусиялык Mediazona басылмасынын ыктыярчылар тобу ачык булактардагы маалыматтарга таянып, Украинадагы согушта набыт болгон 13 миңден ашуун орусиялык аскердин аты-жөнүн тактаганын жарыялады. Алардын 924ү мобилизацияланган.

Журналисттердин 3-февралдагы маалыматына ылайык, акыркы үч айда каза болгондордун көбү мобилизацияланган, ыктыярчылар жана абактан согушка баргандар. Соңку жумада эле Украинада 500 орус жараны өлгөнү тууралуу маалымат такталган.

11 ай ичинде орус армиясынын жоготууларынын динамикасын изилдеген журналисттер өлгөндөрдүн көбү ыктыярчылар, мобилизация жана "Вагнер" жалданма аскер уюму аркылуу (анын ичинде камактагылар) согушка баргандар деген тыянак чыгарышты.

Былтыр 24-февралда президент Владимир Путиндин буйругу менен орус күчтөрү Украинага басып кирген. Бул аралыкта миңдеген карапайым тургун набыт болду.

Киев майданда 13 миңдей жоокери көз жумганын былтыр жыл соңунда билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу 21-сентябрда согушта 6 миңдей аскерин жоготконун маалымдаган. Пентагон орус армиясынын жоготуулары өлгөндөрдү жана жараат алгандарды кошкондо 100 миңден көп деп эсептеген. Бул маалыматты көз карандысыз булактар бышыктай электигин эске салабыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG