Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Кемпир-Абад иши боюнча дагы бир активист камалды


Сүрөт Темир Махмудовдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Сүрөт Темир Махмудовдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Кемпир-Абад иши боюнча дагы бир жарандык активист Темир Махмудов Бишкектеги №1 тергөө абагына 20-февралга чейин камалды. Мындай чечимди 2-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы ырастады.

Ушуну менен Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандар 27 кишиге жетти. Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Ушул тапта 27 кишинин 24ү тергөө абагында, үчөө ден соолугуна байланыштуу үй камагында жатат.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет.

Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG