Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Саакашвилинин жагдайын Европарламент талкуулап жатат


Михаил Саакашвилинин ооруканадагы абалы
Михаил Саакашвилинин ооруканадагы абалы

Европарламент Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилиге байланыштуу кырдаалга “катуу реакция кылуу” маселесин талкуулай баштады.

Буга чейин дарыгерлер жана эл аралык эксперттер Саакашвилинин саламаттыгы өтө начар экенин айтып, аны европалык клиникага дарылоого жөнөтүүнү сунуштаган. Бирок өлкө бийлиги аны кенебей жатканын, бул жагдайга реакция жасаш керектигин Европарламентте айрым депутаттар айтышкан.

Украинанын жарандыгын алган Грузиянын мурдагы президенти 2021-жылы күзүндө өлкөгө кайтып келгенден кийин камалган. Алты жылга соттолгонс аясатчыга "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып коюлган. Өзү муну саясий куугунтук деп атайт.

Былтыр жыл аягында саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу ал камактан ооруканага которулган. Психикалык жана эндокринологиялык оорулардан дарыланып жаткан саясатчы аябай арыктап кеткенин санаалаштары чыгарган видеолордон көрүүгө болот.

Дарыгерлер бейтап камакта кала берсе, өлүмгө дуушар болушун белгилешет.

Январдын башында Грузияда жана 20дан ашык өлкөдө Саакашвилини колдоо пикеттери өткөн. Катышуучулар аны бошотуп, Евробиримдиктин аймагына барып дарыланууга уруксат берүүнү талап кылышкан. Айрым активисттер Грузиянын азыркы бийлигин "Саакашвилинин жок кылууга аракет кылып жатат" деп айыпташкан.

XS
SM
MD
LG