Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Боррел: Евробиримдик Украинага согуштук учак берүүнү пландаган жок


Жозеп Боррелл
Жозеп Боррелл

Евробиримдик Украинага согуштук учактарды жеткирүүнү пландай элек. Бул тууралуу шаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррелл Брюсселде 3-февралда Евробиримдик-Украина саммитинин алдында сүйлөгөндө айтты.

Ал бул маселе Евробиримдикке мүчө 27 мамлекеттин ортосунда олуттуу талаш-тартыштарды жаратканын белгиледи. Жозеп Боррелдин айтымында, азыр Украинага убада кылынган танктарды жеткирүүгө көңүл бурулушу керек.

Азырынча Украинага согуштук учактарды жеткирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу француз жана нидерланддардын расмий өкүлдөр гана айтышты. Германиянын канцлери Олаф Шольц бул кадам согуштун дагы күчөшүнө алып келерин билдирген.

Британия азырынча бул маселени талкуулаган жок. АКШнын президенти Жо Байден Киевге согуштук учактарды жеткирүү мүмкүнчүлүгүн караштырбай турганын буга чейин айткан.

Ал арада The New York Times гезити жогорку даражалуу аткаминерлерден алынган маалыматка таянып, АКШ президентинин администрациясы Киевге F-16 учактарын үчүнчү өлкөлөр аркылуу жеткирүүнү жокко чыгарбайт деп жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG