Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Казакстанда сот журналист Махамбет Абжанды тогуз жылга кести


Махамбет Абжан cот залында. Ноябрда тартылган сүрөт.
Махамбет Абжан cот залында. Ноябрда тартылган сүрөт.

Казакстанда журналист Махамбет Абжанды "атайылап жалган маалымат тараткан" жана "опузалап пара талап кылган" деген айып менен тогуз жылга камалды. Чечимди 3-февралда Астананын кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондор аралык соту чыгарды.

Өкүм жарыялангандан кийин залда отургандар "Уят!", "Боштондук!" деп кыйкырышты.

Бир күн мурун прокурор журналистти 11 жылга өзгөчө режимдеги колонияга кесүүнү суранган.

2022-жылы 3-июлда кармалган Махамбет Абжан ишкерди опузалап, 50 миллион теңге (180 миң доллар) алууга шек саналып жатканы кабарланган.

Анын алдында Абжан өзүнүн Abzhan News Телеграм-каналына Касым-Жомарт Токаевдин жээни Каныш Избастиндин ыктымал активдери жөнүндө материал жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG