Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Эгембердиевди эскерүү кечесинде "Азаттыктын" маселеси көтөрүлдү


Таабалды Эгембердиевди эскерүү кечеси.
Таабалды Эгембердиевди эскерүү кечеси.

“Азаттык” радиосуна байланыштуу маселе 3-февралда Бишкекте өткөн коомдук ишмер, белгилүү ишкер, публицист Таабалды Эгембердиевди эскерүү кечесинде көтөрүлдү.

Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун “Азаттыктын” жабылышына каршы экенин айтып, бийлик өкүлдөрүнө "Көзү өткөн Таабалды Эгембердиевдин, Жыпар Жекшеевдин, Казат Акматовдун арбагын сыйласаңар, көзү тирүү бизди сыйласаңар, сөз эркиндигин, демократияны сыйлагыла” деп кайрылды.

Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин Эгембердиевдин Кыргызстанда демократиянын кыртышын бекемдөөдөгү эмгегин белгилеп, жыйынга катышып отурган маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго "Азаттыкты" жабуу аракетиңерден кайткыла" деп кайрылды.

Эскерүү кечеси УТРКнын концерттик залында өттү. Анда Эгембердиевдин публицистикалык макалалары камтылган "Оо, дарегим! Оо, карегим!" жана үй-бүлөсүнүн, замандаштарынын эскерүүлөрүнөн турган "Көчмөн жаратман" китептеринин бет ачары болду.

Эскерүү кечесине белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер жана жакындары катышты.

“Шоро” компаниясын, этнографилык багыттагы “Супара” комплексин негиздеген ишкер, публицист Таабалды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда 64 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианы” жабуу аракетин көрүп, соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Министрлик буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтына чыккан видео материал негиз болгонун айтууда. “Азаттык” бул материалда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы эч нерсе жок экендигин билдирүүдө.

Министрликтин кадамын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG