Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Бишкек: Карызы бар жети миңдей абоненттин электр жарыгы өчүрүлөрү эскертилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин электр түйүндөрү боюнча ишканасы карызы бар абоненттеринин жарыгын 6-февралдан тартып өчүрө баштай турганын эскертти.

Мекеме 3-февралда жарыялаган кайрылуусунда декабрь-январь айларында өтө суук болгондуктан карыздар абоненттердин электр энергиясы өчүрүлбөгөнүн, төлөнгөн акы жабдыктарды тейлөөгө, тармактын ишин туруктуу камсыздоого жумшаларын белгиледи.

Борбор калаада, ишкана билдиргендей, дебитордук карызы бар абоненттердин саны 7 миңден ашат.

Кыргызстанда 11-16-январь күндөрү абанын температурасы төмөндөп, Бишкекте түнкүсүн -25 градуска чейин жетип жатты.

Бишкектин борбордук жылуулук системасына кошулбаган тургундарынын көбү кышкысын электр жылыткыч менен чыгышат. Себеби көмүр да, газ да кымбат түшөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG