Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Равшан Жээнбеков көз каранды эмес консилиум түзүүгө жардам сурады


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Абактагы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков өлкөнүн юстиция министрине, акыйкатчысына, журналисттерге жана укук коргоочуларга кайрылып, ден соолугуна байланыштуу көз каранды эмес консилиум түзүүгө жана тийиштүү дарылануудан өтүүсүнө жардамдашууга чакырды.

3-февралда социалдык түйүндөр аркылуу жарыялаган кайрылуусунда Жээнбеков буга чейинки өтүнүчү боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) жооп алганын, анда ал абак шартында дарылануу сунушунан баш тартып койгону айтылганын билдирди.

Боор оорусуна чалдыкканын айтып келаткан саясатчы билдиргендей, Жаза аткаруу кызматы ага Молдовановка айылындагы №31 колонияга которулуп дарыланууну сунуш кылган.

“Ал жактан мен квалификациялуу жана атайын дарылануудан өтө албайм. Менин ден соолугум күндөн күнгө начарлап жатканын анализдерим жана УЗИнин жыйынтыгы көрсөтүүдө. Буга ЖАМК көңүл кош мамиле кылууда. Алар менин абалым оор эмес деп жатышат. Демек, ЖАМК дарыгерлери мени боордун циррозуна жеткирип, тийиштүү дарылануу мүмкүнчүлүгүн ошондон кийин гана берет го деген ой жаралууда”, - деди Жээнбеков.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Шаардык сот аларды февралдын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу ага чейинки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG