Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Кемпир-Абад иши: Абакта отургандар президентке кайрылды


"Кемпир-Абад иши" боюнча камалгандардын айрымдары
"Кемпир-Абад иши" боюнча камалгандардын айрымдары

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын тергөө абагында отурганына туура беш ай болду. 2022-жылдын 23-октябрында кармалган саясатчылар менен активисттерге тагылган айыптар сот тарабынан далилдене да, четке кагыла да элек. Аларды эркиндикке чыгаруу боюнча бир нече жолу сөз болгону менен, азырынча ишке ашпай келет. Ал тапта Human Rights Wacht уюму бул иште мыйзам бузуулар бар экенин эскертти.

Былтыр 23-октябрда бийликти күч менен басып алууга айыпталып камалган 27 активист, саясатчылар абакка отурганына туура беш ай болгондо президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Анда президентти саясий оппоненттери жана жарандык коом менен өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер боюнча тең укуктуу, ачык-айкын сүйлөшүүгө чакырышты.

“Азыркы убакта, мекенибиз башынан кыйын социалдык-экономикалык абалды кечирүүдө. Кымбатчылык, жакырчылык, жумушсуздук жана коррупция өсүүдө. Дүйнөдөгү геосаясий кризис менен бийликтин ичиндеги саясий күрөштөрү дагы жакынкы убактарда өлкөдөгү стабилдүүлүккө, экономикалык абалга таасирин тийгизет деп ойлойбуз. Ушундай учурда биз мыйзамсыз камакта отурган кемпирабадчылар, Садыр мырза, сизди акылмандыкка жана акыйкаттыка чакырабыз. Эркиндиктерге болгон басымдарды сабырдуулукка, авторитаризмди реформаларга, ал эми саясий куугунтуктарды саясий диалогго буруңуз. Камактагы бардык саясий туткундарды бошотуңуз”, - деп айтылат кайрылууда.

Беш ай ичинде абактагылардын бир нечеси курч илдеттерге чалдыгып, дарыланууга байма-бай уруксат сурап келди.

13-декабрда кармалгандардын бир нечеси ачкачылык жарыялап, алардын саны кийин 17ге жеткен.

Эки апталык ачкачылыктын айынан бир нечесинин саламаттыгы начарлап, медициналык жардам көрсөтүлүп жатты. Илдети оорлошкон Орозайым Нарматова менен Перизат Суранованын үй камагына чыгарылганын жана 3-4 саясатчынын ооруканага убактылуу чыгып дарыланып келгенин эске албаганда, башкаларына мыйзамдык жеңилдиктер берилген жок.

Коомчулукта Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды, өзгөчө алардын арасындагы аялдарды эркиндикке чыгаруу боюнча ар түркүн деңгээлдеги маалыматтар бир нече жолу таркады. Бирок, азырга чейин алардын бирөө да бошотула элек.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова абактагыларды азаттыкка чыгаруу боюнча бийлик өкүлдөрү менен бир нече жолку сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегенин билдирди. Тескерисинче, аларга карата мамиле катаалдап, укук бузуулар болуп жатканын айтты.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

“Жаңы жылдын алдында сүйлөшүүлөр болгону чын. Сүйлөшүүлөр бир нече жолу болгон. Жогорку сот менен, Бишкек шаардык соту менен, прокуратура менен, спикердин жардамчысы менен жолугушууларды өткөрүп, акырында УКМКнын башчысы менен жолугушканбыз. Бирок, эмнегедир аягына чыкпай калды. Ал сүйлөшүүлөрдө биздин өтө суранганыбыз, “жок дегенде аялдарды чыгарып койгула” деп суранган элек. Тилекке каршы, ошонун дагы жыйынтыгы болбой калды. Мен үчүн дагы бир өкүнүчтүү болуп атканы – катаал мамиле бийлик тарабынан дагы да аябай катаалданып кетип баратат. Ошол эле Клара Сооронкулова оор операцияны баштан өткөрүп, аны кайра алып барып камап коюшту. Равшан Жээнбеков дарыланып чыккандан кийин, аны дагы алып барып камап койду. Мамбетжунус Абылов башынан оор операция болду, анын үстүнө ал жашы 70ке таяп калган киши. Аны дагы кайра алып барып камап коюп атышат. Улукбек Маматаевди болсо Кудай бир сактады. Ушундай мамилелер болуп атат. Биз, укук коргоочулар үчүн ушунун баарын айта бериш деле кыйын болуп атат.

Аталган иш боюнча кармалгандардын ичинен Атай Бейшенбек менен Клара Сооронкуловага кийинчерээк дагы бир нече кылмыш иштери ачылып, айыптар тагылган. Камактагылардын укуктарын коргоону талап кылып чыккан тарапташтары милиция тарабынан күч менен таркатылып, бир нечеси административдик жоопкерчиликке тартылган.

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын иши тууралуу бир нече жолу комментарий берип, бул маселеге акыркы чекитти сот коёрун билдирген.

"Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90% жабык эшик артында өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен. Күч органдары кылдат иштеп, өз убагында басып калышты. Камашты. "Төңкөрүш жасайбыз" деп план түзүп атышса башынан сыламак беле? Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт. Мен эч кимисине "чыгарып кой" деп буйрук бере албайм", - деген президент 17-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде.

Январь айында Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф берилгени маалым болгон. Адвокаттардын каршы арыздарынын жыйынтыгында 15-мартта Бишкек шаардык соту ишти мамлекеттик сырлар болбогон учурларда ачык өткөрүү чечимин чыгарды.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму 20-мартта Кемпир-Абад иши боюнча билдирүү жарыялап, камалып отургандардын ишинде Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келген көптөгөн процессуалдык мыйзам бузуулар бар экенин белгиледи. Кыргыз бийлиги дүйнөлүк коомчулук алдында сый мамилеге татыктуу өнөктөш катары кала алабы же жокпу деген суроо турганын белгиледи жана камактагыларды бошотууну, калыс иликтөөнү талап кылды.

Аталган уюмдун өкүлү Сыйнат Султаналиева Кемпир-Абад ишиндеги мыйзам бузуулар өлкөнүн эл аралык чөйрөдөгү аброюна олуттуу сокку уруп жатканын белгиледи:

“Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишинде көптөгөн процессуалдык мыйзам бузуулардын болуп жатышы негизги көйгөй болуп саналат. Маселен, алар беш айдан бери абакта отурушат. Биз билгендей, тергөө абагы адамдарды узак мөөнөткө кармоого ылайыкташкан эмес, ал жакта жетиштүү шарттар жок. Экинчиден, кармалгандарды туугандары менен көрүшүүгө мүмкүндүк беришпейт, айрым учурларда жадагалса жактоочулары менен дагы жолуктурбай коюшат. Бардык иштер купуяланган. Аларды жашыруун кылгыдай ал жакта эмне бар? Мүмкүн бул алардын иши алдыга жылбай жатканын жаап-жашыруу аракети болушу мүмкүн. Айыптоону тастыктаган бир дагы факты келтирилген эмес. Үчүнчүдөн, ушундай көптөгөн процессуалдык мыйзам бузууларга көңүл бурулбай жаткандыктан, бул иш саясий өңүттө болушу мүмкүн. Кармалган активисттер, журналисттер, укук коргоочулар жана оппозициячылар пикирин эркин билдирип, эркин чогулууга аракет кылганы үчүн жазаланып жаткан сыяктуу. Мунун баары мамлекет адам укуктарын сактоо боюнча эл аралык милдеттемелерин бузуп жатканын билдирет”.

Эл аралык уюмдун билдирүүсүндө эң узак деген эки айлык абак мөөнөтү октябрь айынан бери үч жолу узартылганы жана тергөө далил катары көрсөтүп жаткан аудиолор монтаждалып, оңдолгону белгиленет.

Кемпир-Абад иши боюнча Human Rights Watch башка да Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети баштаган бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, адам укуктарын сактоого чакырып келет.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев өлкө жарандары мыйзамдуулукту жана соттун чечимдерин сыйлооого үйрөнүшү зарыл деп эсептейт:

“Баланча кайрылып койсо чыгарып койду, түкүнчө кайрылып койсо эле мыйзамды бузуп койду дегендей болбошу керек. Бизде мыйзам бар – ошол мыйзам толук аткарылышы керек, мыйзамдуулукту баарыбыз үйрөнүшүбуз керек. Аны сот чечиши керек. Сотто өздөрүнүн укуктарын далилдеп алышсын. Маселен, Американын өзүндө деле канча бир окуялар болуп жатат. Мисалы, Трампты бир жылдан бери интернетке чыгарбай, анын укуктарын чектеп койгон. Бирок, бир дагы бейөкмөт уюмдун “Трампты интернетке чыгарбай, анын укуктарын чектеп койдуңар деп кайрылганын уккан жокмун. Ошондуктан, биз дагы цивилдүү, светтик мамлекетте жашаганды, мыйзам менен жашаганды, мыйзамды сыйлаганды үйрөнөлү”.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кармалгандардын дарылануу боюнча өтүнүчтөрү көп учурда каралбай келгенин айтып, бейтап адамдын абакта кармалышы кыйноого тете иш катары баалайт.

“Тилекке каршы, ден соолуктары начарлаганда стационардык бейтапканаларга алып барып ыкчам медициналык кароодон өткөрүү боюнча өтүнүчтөрү ишке ашкан эмес. Азыр эми кээ бирлери ден соолугу начарлап, операция болуп үй камагына кетсе, кээ бирлери операциядан кийин кайра убактылуу кармоочу жайга кайтарылды. Ооруп турган адамды ал жакка алып барышы, негизи эле ошол жакта кармалып турушу кыйноого барабар деп баалаганбыз. Бул тууралуу биз Жогорку Кеңештин төрагасына дагы, эки комитеттин жетекчилерине, ар бир фракция менен депутаттык топторго дагы үч ирет кайрылдык. Күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп айткан жокпуз, биз процессуалдык иш-чаралар жүрүп жатканда адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүп, баа берип атабыз. Азырынча Жогорку Кеңеш карай элек. Жогорку Кеңеште түзүлгөн адам укуктарынын сакталышы боюнча депутаттык комиссияга дагы сунуштамабызды жөнөттүк. Анткени, процессуалдык жактан адам укуктары бузулду. Биз аныктаган мыйзам бузууларды жокко чыгаруу үчүн президентке дагы, Башкы прокуратурага дагы көңүл буруу актысын жөнөткөнбүз”.

Кемпир-Абад иши боюнча жалпысынан 27 адам кармалган, алардын 22синин абак мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылды. Калганы саламаттыгына байланыштуу үй камагында.

Алар кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккандан кийин 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо.

Коомчулуктун бир бөлүгүнүн чечкиндүү каршы чыкканына карабай Кемпир-Абад суу сактагычынын тагдырына өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин 27-январдагы Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарында биротоло чекит коюлду. Өзбек бийлиги өз элине муну тарыхый утуш катары түшүндүрдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG