Баткенде айыл чарба продукциясын машинеге жүктөп бараткан жергиликтүү дыйкан өткөрмө пункттан чек ара кызматкерлери менен чатакташты делген окуяга байланыштуу Кыргызстандын Чек ара кызматы маалымат берди.
Мекеме 15-сентябрда жарыялаган расмий билдирүүдө окуя тууралуу жергиликтүү милиция кызматкерлерине дароо маалымдалганы, мындан тышкары, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баткен облусу боюнча башкармалыгына тиешелүү маалымат жөнөтүлгөнү айтылды.
Чек ара кызматы учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында кызматтык териштирүү жүрүп жатканын, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.
Окуянын өзү ошол эле күнү саат 06:45 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Чечме-автожол» өткөрмө пунктунда болгону маалымдалды.
Мекеменин баштапкы версиясы боюнча, окуя Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн тургуну “Портер” үлгүсүндөгү автоунаа менен 15–20 кап сабиз жүктөп, Кыргызстандын аймагынан Өзбекстандын Сох анклавына өткөрүү максатында өткөрмө пунктуна келгенде болгон.
"Бажы кызматкерлери жүктү өткөрүүгө уруксат бербегенден кийин айдоочу автоунаасын Кыргызстандын аймагындагы өткөрмө жайдын дарбазасына туурасынан токтотуп, «өзүм өтпөсөм, эч кимди өткөрбөйм» деген талап койгон. Натыйжада адамдардын жана автоунаалардын өтүүсү болжол менен 15–20 мүнөткө үзгүлтүккө учураган. Окуя болгон жерге «Чечме-автожол» өткөрмө пунктунун чек ара кызматкерлери келип, айдоочуга мындай аракеттер мыйзамсыз экенин түшүндүрүп, автоунааны жолдон алууну талап кылышкан. Бирок айдоочу нааразылыгын билдирип, чек ара кызматкерлерине карата адепсиз сөздөрдү айтып, алардын мыйзамдуу талабына баш ийбей, чыр-чатакты күчөтүүгө аракет кылган", - деп билдирди Чек ара кызматы.
Мекеме жүктү өткөрүүгө уруксат эмне себептен берилбегенин тактаган жок.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы бул окуя Кадамжай райондук милиция бөлүмүнүн электрондук журналына катталганын 16-сентябрда "Азаттыкка" маалымдады. Мекеменин басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдиргендей, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат, ал жерде жабыркаган эч ким жок, болгону жаран менен чек ара постундагы кызматкерлердин кайым айтышуу болуп кеткен:
"Күбөлөр чакырылган. Толугу менен суралып жатат. Кармалгандар жок. Айдаркен шаарынын тургуну, 1985-жылы туулган жаран суралды. Ал чек ара кызматкерлери менен пикир келишпестик болгонун билдирген. Кол көтөрүү болгон эмес. Жабыркаган эч ким жок".
Жалпы коомчулук бул окуя тууралуу алгач Фейсбук аркылуу кабардар болгон. Азамат Абсаттаров аттуу колдонуучу бул платформадагы баракчасына жеринен тартылганы айтылган видео жүктөгөн. Ага Бирлик айыл аймагынан сабиз, картошкасы бышып, кошуна Өзбекстандын Сох тарабына да сата албай, картошканы жүктөп Сох аркылуу Баткен тарапка да өтө албай жатканын айткан жашоочулар жазганын кабарлаган.
Болжол менен бир жарым мүнөттүк видеодон чек ара бекетинин дарбазасынын жанына туурасынан тороп коюлган, мүшөк толо жүктөлгөн "Портердин" айланасындагы ызы-чууну көрүүгө болот. Баштапкы баамдоого караганда, айдоочу өтө албай калып, ошол жерде турган чек арачылар менен чырдашкан. Акыры чек ара кызматкерлери машиненин ачкычын алып, жолду тороп турган жеринен четке айдашкан. Ошондон кийин жол ачылып, аркы бетте топтолуп турган машинелер өтө баштаган.
Жүктөлгөн видео: "Дыйкандарга шарт түзүлүш керек да дешет. Эмнеге одоно мамиле жасашат? Жөнөкөй дыйкан болушканы үчүнбү? Чек ара менен Бажы кызматы түшүндүрмө берип койсун. “Аткезчилик кылып же чек ара өткөрмө бекетине кирип алсак ушундай катуу айтышса болот эле. Мыйзамдуу өтөлү деп өткөрмө бекетке барсак ушундай абал”,-деп кошумчалашты. Чын төгүнүн ошондо билебиз. Негизи дыйкандарга шарт түзүлсүн!" деген түшүндүрмө менен коштолуп жарыяланды.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов чек ара өткөрмө пунктунда окуя катталган аймакка 17-сентябрда барып, жергиликтүү эл менен жолугуп, маселени жеринен угуп карай турганы кабарланды.
"Азаттык" окуянын чоо-жайын билиш үчүн Чечме айылынын тургундары менен байланышты. Айыл башчысы Имамали Каримов мурда чечмеликтер өстүргөн айыл чарба продукциясын айыл өкмөт жана айыл башчынын тастыктамасы менен Баткенге Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу алып өтүп, сатып турушканын, бирок азыр мындай мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айтып берди.
Анын билдиришинче, акыркы учурда айыл тургундары тамаркасынан өстүргөн шабдалы, алма, өрүк, картошка-сабизин Баткенге тастыктама менен да өткөрбөй жатканына даттанууда.
"Кечээки окуяда сабизин алып жөнөгөн жаран да справка менен Баткенге алып бараткан болчу. Сохтон транзит менен алып өтмөк. Айылда дыйкандар нааразы болуп жатат. Азыр ал бала үйүндө эле", - деди Каримов.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги окуя тууралуу азырынча маалымат бере элек.
Сох - Кыргызстандын аймагындагы Өзбекстанга таандык, тажик тектүүлөр жашаган анклав. Кыргызстандын Баткен жана Кадамжай райондору менен 100 чакырымдай чектешип турат.
Эки өлкө ортосундагы алака-катышты жакшыртууга багытталган бир топ маанилүү документтердин соңкулары быйыл июль айында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда кабыл алынды. Жеке жана кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен кол коюлган документтердин арасында мамлекеттик чек ара тилкеси, өткөрмө бекеттер жөнүндө келишимдер бар. Кыргыз президенти Садыр Жапаров Өзбекстан менен мамиледеги эң чоң жыйынтык катары эки өлкө чек ара маселесине чекит коюп, чектеш аймактагы калктын кыялы орундалганын белгилеген.
Кол коюлган келишимдердин арасында Баткен облусундагы Чечме булагын чогуу колдонуу боюнча документ бар.
Макала толукталууда
Шерине