Кыргызстан менен Өзбекстандын өкүлдөрү аймак алмашуу боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун кийинки кадамдарын талкуулашты. Бул тууралуу 15-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Баткен облусунун Кадамжай шаарында эки өлкө ортосундагы жер аянттарын алмашуунун уюштуруу-техникалык, мүлктүк-чарбалык маселелерин чечүү, жашоочулардын жарандыгын аныктоо боюнча биргелешкен жумушчу комиссиясынын жыйыны өткөнү маалымдалды.
"Тараптар аймактарды алмашуу процессинин алкагында жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашыруу маселелерин карашты жана мындан аркы биргелешкен иш тартибин макулдашышты. Жыйындын жыйынтыгында Кыргызстандын жана Өзбекстандын тармактык министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн турган биргелешкен жумуш тобунун курамы бекитилди. Бул топ алмашуу аймактарынын жашоочуларынын жарандык маселелерин чечүүгө, көчүрүүнү уюштурууга, мамлекеттик мүлк объекттерин кабыл алуу-өткөрүп берүүгө, жарандардын мүлктүк укуктарын жол-жоболоштурууга, жер пайдалануу, калкты социалдык жактан камсыз кылуу маселелерин жөнгө салууга, ошондой эле билим берүү процессинин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоого байланышкан иш-чараларды ишке ашырат", - деп айтылды маалыматта.
Мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшүндө мурда Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу болгон Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстанга өткөрүлгөн. Бул айылдарда негизинен этникалык кыргыздар жашайт. Алдын ала маалыматтар боюнча, эки айылда болжол менен 2 500 адам бар.
Кыргызстан Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдарынын ордуна Өзбекстанга чек ара тилкесинен теңме-тең жер берүүнү макулдашкан.
Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын президент Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке өзбек президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келгенде жарыялаган.
Шерине