Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:54

Ошто күйөөсүнүн өлүмүнө шектелген аял камакка алынды

Ошто жарандык никедеги күйөөсүнүн өлүмүнө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына караганда, 37 жаштагы эркек миздүү нерседен жараат алып каза болгон, окуя 4-августта катталган.

Шектүү алгач милицияга жолдошу өзүнө өзү кол салганын айтып, кабар берген. Бирок териштирүүнүн жүрүшүндө аялдын көрсөтмөлөрү шек жаратып, милиция анын өзүн кармаган.

“Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында анын жарандык никедеги аялы өзгөчө оор кылмыш жасагандыгын моюнуна алып, стол үстүндө чогуу алкоголдук ичимдик ичип отуруп, өз ара келишпестиктен айтыша кетишкендигин, ошондон улам өзүн кармана албай столдогу аш бычак менен сол моюн тарапка сайып жибергендигин айткан”, - деп билдирди милиция.

41 жаштагы шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени, ага Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгону маалымдалды.

Шектүүнүн жакындары же адвокаты азырынча маалымат бере элек.


Шерине

XS
SM
MD
LG