Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:54

Көчмөндөр оюндары: Меджардам зарыл болсо ӨКМдин тик учактары тартылат

Кырчын жайлоосу. 2018-жылы Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учур.
Кырчын жайлоосу. 2018-жылы Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учур.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык жардам көрсөтүүгө муктаж болгондорду тик учактары менен тейлейт. Ошондой эле жайлоодо министрликтин мобилдүү госпиталы да жайгашат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

14-август күнү өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын коопсуз өткөрүү, кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, ошондой эле куткаруучулардын нөөмөттүк ишинин жүрүшүн текшерди.

Кыргызстанда быйыл VI Көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында (Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында) өткөрүлөт.

Буга чейин спорттук, маданий жана илимий иш-чараларды, Көчмөндөр оюнунун ачылышын уюштурууга, келген конокторду, катышуучуларды - аэропорттордон, автобекеттерден жана чек арадан тосуп алууга жардамдашууга 700дөй ыктыярчы тартылганы кабарланган.

Андан тышкары беттештер өтүүчү аянтчаларда медициналык пункттар, мобилдик медициналык бөлүмдөр жана көчмө госпиталь уюштурулуп, тез жардам бригадаларынын иши күчөтүлүп, 600дөй медицина кызматкери иштемекчи.

Мындан тышкары, 30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити да өтөт. Кыргыз бийлиги бул иш-чараларга 21 мамлекеттин жетекчилери катышарын кабарлаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG