Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:54

Синтетикалык баңгизат ташыган эл аралык уюшкан топ кармалды

УКМКнын басма сөз кызматы  тараткан  сүрөт.
УКМКнын басма сөз кызматы тараткан сүрөт.

Кыргызстанда адам өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуу, жалпы баасы 10 миллион сомдук синтетикалык баңгизат ташыган деген шек менен эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 14-августта жарыялады. Кармалгандардын үчөө кыргызстандык жаран экени маалымдалды.

«Алардын автоунааларын тинтүү учурунда ири өлчөмдөгү синтетикалык заттар табылган. Табылган синтетикалык заттын көмүскө базардагы чекене баасы 10 миллион сомдон ашат. Алынган заттар калктын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч келтирген өзгөчө кооптуу синтетикалык баңги каражаттарынын категориясына кирет. Аларды бир эле жолу колдонуу да көз карандылыкка жана оор, анын ичинде психикалык кесепеттерге, нерв жана жүрөк-кан тамыр системаларынын жабыркашына, ошондой эле өлүмгө алып келиши мүмкүн», — деп жазылган билдирүүдө.

Өлкөдө акыркы жылдары, айрыкча жаштар арасында, синтетикалык баңгизаттарды колдонгондор көбөйгөнү айтылып келет.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык (282-берене), баңги каражаттарын жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же берүү оор кылмыш болуп саналат. Ал үчүн беш жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы каралган.


Шерине

XS
SM
MD
LG