Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Кыргызстанда К5 бензини чыга баштары, дагы эки жаңы мунай заводу курулары айтылды

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстан өлкөнүн күйүүчү-майлоочу майга болгон муктаждыгын толук жабуу үчүн азыркы эки заводдон тышкары түштүк жана түндүк аймактарда бирден жаңы ишкана ачууну көздөөдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 13-августта журналист Али Токтакуновго курган маегинде билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, Чүйдөгү "Жунда" жана Жалал-Абаддагы КПК заводдору толук модернизациядан өткөндөн кийин 2028-жылдан тартып евростандарттагы К5 бензинин чыгара башташат:

“Бизде эки эле завод иштейт. Бири кытайлар салган “Жунда”, экинчиси Жалал-Абаддагы КПК («Кыргыз Петролеум Компани»). Экөө биригип бизди толук камсыз кыла албайт. Мунайды "Кыргызнефтегаз" казат, ал да аз. Азыр Алай, Баткен тарапта мунайдын запасы чыгууда деп жатышат. Изилдөөлөр жүрүүдө. Өзүбүзгө жетиштүү мунай казсак дагы бул эки завод бизди 100% камсыз кыла албайт. Ошондуктан азыр "Жундада" да, КПКда да модернизация жүрүп жатат. КПКга баш-аягы 400 млн доллардын (200ү мамлекеттен, калганы инвесторлордон) тегерегинде акча бөлдүк. Модернизация кылгандан кийин, 2028-жылы ал евростандарттагы К5 үлгүсүндөгү бензин чыгара баштайт. Сапаты оңолот дегеним. Ошондо ал жак түштүктүн эң жок дегенде жарымын камсыз кылат. “Жунда” да реконструкция болуп жатат, кытай тарап 500 млн доллардай бөлгөн экен. Ал дагы 2028-жылы бүтөт, К5 бензинин чыгара баштайт. "Жунда", ошентип, түндүктүн жарымын камсыз кылат. Республика боюнча калган элүү пайызын камсыз кылышыбыз үчүн биз эки завод салышыбыз керек - бирин Кеминге, экинчисин Ош же Жалал-Абадга, темир жол өтө турган жерге жакын. Ошондо эгер өзүбүздүкү жетишпесе Азербайжан, Түркмөнстан, Ирандан нефть алганга жол ачылат. А бул жакта мунайды таап иштетебиз".

Өлкө башчы мунайды кайра иштетүүчү жаңы заводдор качан салынарын так айткан жок.

Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.

Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди. Мындан улам Орусиянын өзүндө кризис пайда болуп, Кремль Батыш өлкөлөрүндө экологиялык талаптарга жооп бербейт жана адамдын ден соолугуна кооптуу деп табылган Евро-2, Евро-3 жана Евро-4 стандартындагы бензинди импорттоого жана сатууга уруксат берди. Орусиянын Энергетика министрлиги бул чара убактылуу экенин жана күйүүчү май рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн кабыл алынганын билдирген.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттай турганын айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда айрым май куюучу жайларда АИ-92, АИ-95 жана дизел тартыш болуп жатканын ырастап, Орусиядан августтун аягына чейин 100 миң тонна күйүүчү май алынып келерин 6-августта билдирген.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG