Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Баткенде чек арада курман болгон аскерлердин элесине арналган мелдеш өтүп жатат

Баткен. (архивдик сүрөт)
Баткен. (архивдик сүрөт)

Баткенде чек ара окуяларында курман болгон аскерлердин жаркын элесине арналган мелдеш өтүп жатат.

Волейбол боюнча уюштурулган мелдешке Баткен облусунун аймагында кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринен куралган 10 команда катышууда.

Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, чек ара окуяларында курман болгон аскер кызматкерлеринин жакындары катышты. Маркумдарга багышталып куран окулду.

"Баткенде чек ара коопсуздугун камсыз кылууда кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин эрдигин эскерүү жана алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү багытындагы иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Бул сыяктуу иш-чаралар курман болгон баатырлардын элесин урматтоо менен бирге, жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоого өбөлгө түзөт", - деп жазылган маалыматта.

2021-жылы апрель айында чек арада атышуу болуп, 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза тапканы расмий жарыяланган. 2022-жылкы сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан бери дегенде 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

Бул окуялардан кийин, акыркы үч жылда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 486,94 чакырым чек ара тилкеси такталган.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 1006,84 чакырым. Анын ичинен 519,9 чакырым тилке 2011-жылга чейин такталып, өкмөттүк делегациялардын чечими менен бекитилген. (JsA)

Шерине

XS
SM
MD
LG