Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттер 15тен 30га чейин көбөйөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 30-июлда Кыргызстанда мамлекеттик сапары менен жүргөн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда айтты.
Садыр Жапаров сүйлөп жатып андан тышкары кыргыз-өзбек чек арасын толугу менен чече турган келишимдерге да кол коюларын билдирди.
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келгенде айткан.
Эки өлкөнүн чек арасында жалпы 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып жакшырып, бекеттерди ачуу иштери башталган.
Ушул тапта кыргыз-өзбек чек арасындагы “Бек-Абад”, “Маданият”, “Баймак”, “Достук”, “Кызыл-Кыя”, “Кадамжай”, “Кайтпас”, “Ак-Кыя”, “Өтүкчү”, “Чечме”, “Кара-Суу” жана “Кең-Сай” бекеттери иштеп жатат. (BTo)
Шерине