Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Кыргызстанга чет жактан, анын ичинде Кытайдан келген инвесторлор менен түзүлгөн келишимдерди ачык көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал 30-июлда Ысык-Көлдө “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты.
“Кооптонууга эч кандай негиз жок. Биз инвесторлорго шарттарды түзүп, дүйнөнүн кайсыл булуң-бурчуна барсак да Кыргызстан өнүгүп жатканын айтып, чакырып атабыз. Алар келсе жаңы технологияны алып келишет, жумушчу орундар түзүлөт, бюджетке каражат түшөт. Алар салган имарат, завод жана фабрикаларды көтөрүп кетпейт. Ушуну эстен чыгарбашыбыз керек”, - деди ал.
Соңку мезгилде Кыргызстанда иштеген же жашаган кытайлык жарандар катышкан укук бузуулар тартылган фото-видеолор социалдык түйүндөргө тарап, талкуу жаратууда. Ички иштер министрлиги мындай окуяларга катышкан чет элдиктердин айрымдарына эскертүү берип, кээ бирлерин кармаганын кабарлады.
Буга удаа эле Министрлер кабинети 14-июлда Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизип, “президенттин чечими (тапшырмасы) менен улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн капиталдык объектилерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөмдүн негизинде убактылуу пайдаланууга берүүнү” караган токтом долбоорун сунуштаган. Бул коомдо ар кандай талкууга жем таштаган.
Президент Садыр Жапаров 17-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Жер кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча коомдогу кооптонууларга жооп берген. Ал чет элдик инвесторлорго жерди 49-50 жылга чейин ижарага берүү механизми Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келгенин айтып, инвестор жерге менчик укугуна ээ боло албай турганын, белгилүү мөөнөткө гана пайдалана аларын билдирген.
Мамлекет башчы 21-июлда Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, чет элдик инвесторлорго жер убактылуу пайдалануу үчүн гана берилерин кайталаган. (BTo/TAb)
Шерине