Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды

Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев жана эки өлкөнүн биринчи айымдары. 30-июль, 2026-жыл.
Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев жана эки өлкөнүн биринчи айымдары. 30-июль, 2026-жыл.

30-июлда президент Садыр Жапаров Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Аэропорттун аянтында Ардак кароол ротасынын аскер кызматкерлери тизилип турушту. Андан ары президенттер өтүүчү жолдун боюнда кыргыз элинин байыркы аңчылык өнөрүн чагылдырган “Салбуурун” этнографиялык композициясынын катышуучулары – бүркүтчүлөр алгыр куштары жана тайгандары менен турушту.

“Шаттык” элдик үлгүлүү бий ансамблинин бийчилери тигилген боз үйлөрдүн фонунда көчмөн элдин салттуу жашоо образын чагылдырган кыргыздын улуттук бийлерин аткарышты.

Чалакыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли кыргыз жана өзбек күүлөрүн аткарып, боордош эки элдин достугун даңазалады.

Мамлекеттик сапардын алкагында Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаров менен бетме-бет жана кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле ал Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна катышат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG