Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордогу “Мадина” базары 1-августта жабылбай турганын, соодагерлерге жаңы “Ала Тоо” базарына көчүүгө кошумча убакыт жана үч ай жеңилдик берилерин билдирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.
Шаар башчысы мындан тышкары жаңы базардын ээлерине биринчи кезекте соода кылуу үчүн зарыл шарттарды түзүү тапшырмасын берди. Ал “Мадина” да, ишкерлер көчүрүлө турган “Ала Тоо” базары да жеке менчик экенин, буга байланыштуу мэрия менчик ээлеринин чарбалык ишине кийлигишпей турганын, бирок ишкерлердин мыйзамдуу укуктары корголорун кошумчалаган.
Айбек Жунушалиев 22-июлда “Мадина” базарынын соода түйүндөрүнүн ээлери менен жолугуп, алдыда күтүлүп жаткан объектти реконструкциялоо маселеси боюнча сүйлөшкөн жана базар 1-августта жабыларын билдирген.
Буга нааразы болгон соодагерлер утур-утур нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат. Алар “Ала Тоо” базарында ижара да, сатып алуу үчүн соода жайлары да кымбат экенин айтышууда.
Буга байланыштуу Айбек Жунушалиев жаңы базардын ээлерине ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
“Муну менен катар ижара укугун өткөрүп берүү же сатып алуу учурдагы тартипте каралган эмес. Мындай укуктарды өткөрүп бергени үчүн акча каражаттарын алуунун буга чейинки тартиби ыйгарым укуктуу органдар тарабынан укуктук баа алып, мындан ары токтотулушу тийиш. Маалыматка ылайык, мындай “укуктарды өткөрүп берүүнүн” баасы 1 чарчы метр үчүн 3 миң АКШ долларынан башталып, айрым учурларда 240 миң АКШ долларына чейин жеткен”, - деп айтылат мэрия тараткан маалыматта.
“Мадинада” иштеп жаткан сатуучулар “Ала Тоодогу” шарттар соода жүргүзүүгө ылайыксыз, баасы кымбат экенин айтып жатышат. Айрымдары соода орундарын ижарага алып иштетип жатканын, кээ бирлери контейнерин насыяга сатып алганын билдиришүүдө.
“Мадина” базарын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимов негиздегени коомчулукка белгилүү. Ал 2023-жылы кримтөбөл делген Камчы Көлбаевди каржылаган деген айып менен кармалып, 2024-жылдын март айында үй камагына чыккан. Ошол эле жылы базардын ээси алмашканы белгилүү болгон. (BTo)
Шерине