Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:03

"Мадина" базарындагы өрт: 1000 чарчы метрден ашуун аянт күйдү

"Мадина" базарындагы айрым соодагерлер
"Мадина" базарындагы айрым соодагерлер

Бишкектин “Мадина” базарында 30-августта эртең менен өрт чыгып, түштөн кийин гана толук чектөөгө алынды. Тилсиз жоо 1000 чарчы метр жерге жайылган. Өрттү өчүрүүдө эки кызматкер жаракат алган. Соодагерлер базарды кимдир бирөөлөр тарабынан атайылап өрттөлүшү мүмкүн деген шектенүүлөрүн айтып жатышат.

Буга чейин "Мадина" базарынын айланасындагы жаңжал болуп, соодагерлер ал жерден жаңы базарга көчүүгө каршы чыгышкан.

“Мадина” базарында эртең мененки саат 8:30дар чамасы чыккан өрттү кызматкерлер түш оогонго чейин толук өчүрө алышкан жок. Бул аймакка милиция кызматкерлери да тартылып, базардын айланасы чектөөгө алынган.

Базардын айланасына бул жайда соода кылган ишкерлер чогулуп, бирок аларды күч кызматкерлери коопсуздуктан улам ичкери киргизбей тосуп турушат. Соодагерлер өрт мындан ары жайылып кетпейби деп кооптонушууда.

“Бүгүн эрте менен атам чалып калды. “Мадина базар өрттөнүп жатыптыр” деп. Жолдор жабык болуп, балдарымды ээрчитип алган элем. Товарларыбызды чыгарып калалы деп. Келсек, бул жакты тосуп койгон экен. Эрте башталса, эмнеге элге айтпайт деген ой болуп жатат. Бул жердин күзөт кызматы эмнеге отурат?Эрте айтса, эл товарларын чыгарып калат беле?” - деди соодагерлердин бири.

"Мадина" базарында чыккан өрттү өчүрүү аракети көрүлүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

Өрт саат 14:30га жакын толук чектөөгө алынганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп, уланып жатат. Жалпысынан 1000 чарчы метрден ашык аянт күйүп кеткени айтылды. Айрым соодагерлер өрттүн себебин ар кандай жоромолдоп жатышат.

“Жаныбызга жаңы базар түшкөн, биз көчкөн жокпуз. Анын себептерин баарыңыздар билесиздер. Мына, андан көп өтпөй эле ушундай өрт болуп жатат. Эми бул белгилүү эле нерсе болуп калды”, - деди Гүлнара Алимканова аттуу соодагер.

Дагы бир ишкер Айзада Токтогулова өрттүн себептерин тыкыр иликтеп чыгууга чакырды:

“Текшерүүлөр жүрө турган болсо, бир эле жерден өрт чыккан эмес. Өрт ар кайсы жерден чыгып жатат. Эгерде электр энергиясынан өрт чыккан болсо, бир эле контейнерден чыкмак. Биз президентибизге кайрылабыз, ушуну ким жасаса да, чындыктын бетин ачып берип, ишкерлерди колдош керек”.

"Мадина" базары: соодагерлер муңу, мэриянын жообу
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:17 0:00

Өрттүн себептери так аныктала элек. Азырынча тилсиз жоодон канча чыгым келтирилгени белгисиз. Бирок 1000 чарчы метр аянтта жайгашкан соода орундарынын ээлери товарлары күйүп кеткенин айтып жатышат.

Өрт чыккандан кийин базарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев барды. Соодагерлер менен жолугушууда ал өрт электр чубалгыларынан улам чыгышы мүмкүн деген баштапкы жоромолду айтты. Товары өрттөнүп кеткендерге жардам берилерин кошумчалады.

“Алдын ала маалыматтар боюнча электр энергиясынан өрт чыгышы мүмкүн экени айтылып жатат. Бул жерде видеокөзөмөлдөр бар болчу. Ошол камералардын баары алынды. Изилденип жатат. Ким кирип-чыккан, кандай кирип-чыккан, анын баары аныкталат. Азыр бардык аракеттер көрүлүп жатат. Мамлекеттин жетекчиси да байланышты. Биз ошол мүлкү күйүп кеткендерди аныктайбыз, жардамсыз калтырбайбыз”.

Быйыл 29-июнда “Мадина” базарында айрым соода жана тамактануучу жайлар буздурулган. Соодагерлер мэриядан базар жабылып, орду реконструкция болору жөнүндө кабарлама алышкан. Расмий органдар ишкерлерди 1-августка чейин соода түйүнүн жаап, ишин токтотууну эскертишкен.

Кийинчерээк Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордогу “Мадина” базары 1-августта жабылбай турганын, соодагерлерге жаңы “Ала Тоо” базарына көчүүгө кошумча убакыт жана үч ай жеңилдик берилерин билдирген.

Буга нааразы болгон соодагерлер утур-утур нааразылык акцияларын өткөрүп келишет. Алар “Ала Тоо” базарында ижара да, сатып алуу үчүн соода жайлары да кымбат деген жүйө келтирип жатышат.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG