Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Калифорнияда Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги учурулат, ага Жапаров катышат

Садыр Жапаров Лос-Анжелеске барды. 1-октябрь, 2026. АКШ
Садыр Жапаров Лос-Анжелеске барды. 1-октябрь, 2026. АКШ

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигин учурууга байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Лос-Анжелес шаарына барды. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады. Спутник SpaceX компаниясынын ракета алып жүрүүчүсү аркылуу орбитага чыгарылат.

Жапаровду аэропорттон SpaceX компаниясынын глобалдык өнүгүү боюнча директору Ребекка Хантер тосуп алды.

"Кыргыз Асман" ишканасында жасалган алгачкы кыргыз спутниги коомчулукка 24-сентябрда тааныштырылган. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, спутникти иштеп чыгуу жана чогултуу Кыргызстанда алгачкы жолу жүргүзүлдү.

Долбоорду ишке ашырууга болжол менен 2,5 жыл убакыт кеткен. Спутник 1-октябрда АКШнын Калифорния штатынан учурулат.

Негизинен ал айыл чарба тармагында колдонулат. Алынган маалымат эгин талааларынын абалын көзөмөлдөөгө, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин баалоого, айыл чарба жерлерин жана жайыттарды талдоого, кургакчылыктын белгилерин эрте аныктоого, ошондой эле түшүмдүүлүктү алдын ала баалоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, спутник мөңгүлөргө, суу ресурстарына жана экологиялык абалдын өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө шарт түзөт.

"Кыргыз Асман" ачык акционердик коому Министрлер кабинетине карайт. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG