Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

"Мадина" базары өрттөн кийин кайра ачылды. Соодагерлер жарык берилбегенине даттанууда

 "Мадина" базары. Архив.
"Мадина" базары. Архив.

Бишкектеги "Мадина" базары өрт чыккандан бир аптадан кийин кайра ачылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" базардын соодагерлери ырастап, бирок соода кылууга толук шарт жок болуп жатканына даттанды. Аларга соода жайынын администрациясы "бир апта күтө туруу сунушун" берип, бирок соодагерлер ага макул болгон эмес.

"Сатуучулар администрациянын сунушуна макул болбой, биз иштешибиз керек дегенинен жарыгы жок болсо да базарды ачып берип коюшту. Жүдөп кыйналсак да ачпай күтүп отургандан жакшы да”, - деди соодагерлердин бири Асел.

Атын атагысы келбеген дагы бир соодагер базарда соода кылууга шарт жок экенин айтып даттанды. Базардын администрациясы баары штаттык режимде иштеп жатат деп билдирди.

“Тазаланып жатат, жуулуп жатат. Оңдоо иштери кечкисин жүрүүдө. Толук иштебей жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Чыгымды толуктоо боюнча суроону жетекчиликке бериңиздер”, - деди “Мадина” базарынын администрациясынын өкүлү.

30-августта эртең мененки саат 9дарга жакын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) базарда өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Аны өчүрүүгө жалпысынан 10 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 21:02де толук өчүрүлгөн. Өрт өчүрүү учурунда эки куткаруучу жеңил жаракат алган.

31-августта Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев соодагерлер менен жолугушууда өрт электр зымдарынан чыккан болушу мүмкүн экенин айтты. Ал жабыр тарткан соодагерлерге мамлекет тарабынан жардам болорун убадалаган.

29-июнда “Мадина” базарында айрым соода жана тамактануучу жайлар буздурулган. Соодагерлер мэриядан базар жабылып, орду реконструкция болору жөнүндө кабарлама алышкан. Расмий органдар ишкерлерди 1-августка чейин соода түйүнүн жаап, ишин токтотууну эскертишкен.

Кийинчерээк Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордогу “Мадина” базары 1-августта жабылбай турганын, соодагерлерге жаңы “Ала Тоо” базарына көчүүгө кошумча убакыт жана үч ай жеңилдик берилерин билдирген.

Буга нааразы болгон соодагерлер утур-утур нааразылык акцияларын өткөрүп келатышкан. Алар “Ала Тоо” базарында ижара да, сатып алуу үчүн соода жайлары да кымбат экенин айтышууда.

Бийлик өкүлдөрү “Мадина” базарында чыккан өрттүн акыркы окуяларга тиешеси жок экенин билдирди.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG