Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнердин сүйлөшүүсү өттү. Жолугушууга ошондой эле Орусия президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев жана президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышты.
Бир күн мурда Трамп атайын өкүлдөрү согушту токтотуу боюнча сунушту жеткиришерин билдирген.
"Бизде тынчтыкка жетишүү демилгеси бар. Ал нерсеге жетишүүгө болобу же жокпу, ошону билүү үчүн аларды ошол жакка жөнөттүк, бизде бардыгы ишке ашышы толук мүмкүн", - деди Трамп башка деталдарды ачыктабастан.
Жолугушуунун башында чабармандар Путинге АКШ президентинин саламын жеткирип, Уиткофф америкалык учкуч Роберт Гилманды бошоткону үчүн орус лидерине ыраазычылык билдирди. Путин бул ишке Дональд Трамп көп күч-аракетин жумшаганын белгиледи.
Путин америкалык ортомчулардын коопсуздугун камсыздоого бардык аракеттер көрүлүп жатканын, буга байланыштуу 5-сентябрга караган түндөн баштап "орус армиясы Украинага сокку урбаганын" тактады. Бул боюнча "расмий каналдар аркылуу" өтүнүч түшкөнү кабарланып, Украина тарап да Орусиянын аймагындагы соккуларын азайткан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 2-сентябрда эле америкалык делегациянын сапары учурунда Украина Орусия аймагына соккуларды токтоторун убадалап, Кремлден да ушундай эле чечимди күтөрүн билдирген. Путин Киев үч күнгө созула турган кеңири ок атууну токтотууга чакырыгын жарыялаганын эскертип, "бирок биз алар менен бул тууралуу эч качан макулдашкан эмеспиз" деп кошумчалады.
Путин Трампка «оор кырдаалга аралашканы, ошого карабастан жаңжалды жөнгө салуу аракеттерин токтотпогону» үчүн ыраазычылык билдирип, Уиткофф жана Кушнер менен жаңжалдын бардык аспектилерин жана мүмкүн болгон жөнгө салуу жолдорун талкуулоону убада кылды.
"Биз дагы өз тарабыбыздан кырдаалды кандай көрүп жатканыбыз тууралуу маалымат берүүгө даярбыз", - деди ал.
Америкалык ортомчулардын эртеңки Киевге боло турган сапары тууралуу Путин: "Кандай болгон күндө да, андан ары эмне болбосун, мындай байланыштар, албетте, ар дайым пайда алып келет", - деп билдирди.
Сүйлөшүүнүн андан аркы бөлүгү жабык уланып, үч сааттан ашык убакытка созулган. Жолугушуудан соң Уиткофф менен Кушнер Кремлден чыгып, Внуково аэропортуна жөнөп кетишкен. Тараптар басма сөз үчүн эч кандай билдирүү жасашкан эмес.
Америкалык ортомчулар 6-сентябрда Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.
Өткөн жылдын аягында жана ушул жылдын башында Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Анкориждеги жолугушуусунан кийин, АКШнын ортомчулугу астында Орусия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасы өткөн. Мындай жолугушуу соңку ирет быйыл февраль айында болгон. АКШ менен Израил Иранга каршы аскердик операциясын баштагандан кийин жолугушуулар болгон эмес.
Шерине