АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер болушу мүмкүн болгон учак Москвадагы "Внуково" аэропортуна конгонун Интерфакс жазды.
ТАСС америкалык өкүлдөрдү тосуп алуу үчүн даярдалган кортеждин видеосун жарыялады. Агенттиктин булагы: "Boeing C-32A учагы Флоридадагы Майами аэропортунан учуп чыгып, саат 9:00 чамасында Хельсинкиде танапис жасаган соң Орусиянын чек арасынан өттү", -деп айткан.
Axios басылмасы украиналык жана америкалык булактарына шилтеме кылып Уиткофф менен Кушнер 5-сентябрда Москвада Владимир Путин менен, 6-сентябрда Киевде Владимир Зеленский менен сүйлөшүү өткөрөрүн жазган.
АКШ президенти Дональд Трамп 4-сентябрда журналисттерге атайын өкүлдөр Москва менен Киевге согушту токтотуу боюнча сунуш алып бара жатканын билдирген. "Бизде тынчтыкка жетишүү боюнча идея бар. Биз аны ал жакка бир нерсеге жетише алабызбы же жокпу, билүү үчүн жөнөттүк жана биз ийгиликке жетишибиз толук мүмкүн", - деген америкалык лидер.
Ошол эле учурда Трамп Орусия НАТО өлкөлөрүнүн бирине кол салышы мүмкүн деген кооптонууларга комментарий берип, Владимир Путиндин мындай планы бар экенине өзү ишенбей турганын дагы бир жолу айткан.
Орусия, Украина жана АКШнын үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн акыркы раунду быйыл 17-18-февраль күндөрү Женевада өткөн. Кийинки жолугушуу 5-мартта Абу-Дабиде өтмөк, бирок АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталганына байланыштуу токтоп калган.
Трамптын атайын өкүлдөрү Москвага барганы кабарланды
Дагы караңыз
Шерине