Бишкектеги эски Ош базарындагы соодагерлерди жаңы базарга көчүрүү иштери жакынкы убакта башталат. Ага чейин бардык соода орундары толук даярдалып, зарыл талаптарга жооп бериши керек. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 4-сентябрда жаңы базардын курулушунун жүрүшү менен таанышып жатып билдирди.
Анын сөзүнө караганда, жаңы Ош базары толугу менен, жүз пайыз мамлекетке таандык болот. Базардын аталышы өзгөртүлбөй - “Ош базары” болуп кала берет.
Президенттин иш башкаруучусу жаңы базардын ишмердүүлүгү толугу менен санарип форматка өткөрүлөрүн, базар администрациясы менен соодагерлердин ортосундагы байланыш мүмкүн болушунча электрондук форматка өтөрүн белгиледи. Анын сөзүнө караганда бул бардык процесстерди адам факторун аралаштырбай ачык-айкын жана ыңгайлуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Туманбаев соодагерлерге да, базарга келген жарандарга да эч кандай ыңгайсыздык жаралбашы керектигин, коопсуздук техникасынын талаптарын так сактоону, ошондой эле өрт коопсуздугу боюнча тиешелүү чараларды камсыз кылууну белгиледи.
Бүгүнкү күндө жаңы Ош базарынын курулуш иштери болжол менен 90 пайызга аткарылганы маалымдалды.
Кенен жана ыңгайлуу соода аянтчалары, унаа токтотуучу жай, жүргүнчүлөр жана жүк ташуу үчүн лифттер, ошондой эле коомдук тамактануучу жайлар жайгаша турган эки кабат жаңы Ош базарынын жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөрү, 10 миңден ашуун соода орду каралганы кабарланган.(ZKo)
Шерине