Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Чолпон-Атада "Көчмөндөр жаңырыгы" эл аралык этно-музыка фестивалы жыйынтыкталды

«Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-музыка фестивалынын жабылышы.
«Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-музыка фестивалынын жабылышы.

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-музыка фестивалы жыйынтыкталды.

4-сентябрда иш-чаранын жабылуу аземи өтүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Фестивалдын башкы байгеси — Гран-при Кыргызстандын өкүлү Нурдөөлөт Деркембаевге ыйгарылды.

Калыстар тобунун чечими менен I орунду Түндүк Македониянын өкүлү Васил Ангелов, II орунду Казакстандын өкүлү Жасмина Тлеумбетова ээледи.

Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Монголиянын өкүлү Одмандах Баяраа биринчи орунга татыды.

«Көчмөндөр жаңырыгы» дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн музыкалык салттарын бир сахнага бириктирип, улуттук мурастарды кеңири таанытууга, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө жана элдердин чыгармачылык байланышын бекемдөөгө өбөлгө түзгөнүн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги белгиледи.

VI Көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-августта Бишкекте өткөн, калган спорттук иш-чаралар 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында (Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында) уюштурулууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG