Соңку үч ай ичинде Орусиянын аба соккуларынан Украинада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) үч кампасы талкаланып же зыянга учураганын 5-сентябрда уюмдун маалыматына таянып Би-би-си жазды. Мунун натыйжасында фронтко жөнөтүлүүчү маанилүү медициналык жүктөр зыян тартканы маалым болду.
3-сентябрдын таңында Киев облусундагы гуманитардык медициналык жүктөр сакталган негизги кампалардын бири аба соккусунан талкаланган. Эки жума мурда Днепр шаарында ДССУнун гуманитардык кампасы эки жолку соккудан толугу менен жок кылынган. Фронттун алдыңкы тилкесиндеги жана алыскы райондордогу болжол менен 225 миң адамга жете турган медициналык жүк менен жабдуулардын жарымы жок болгон. Июль айында Киев облусунда дагы бир кампа жабыркаган.
Уюмдун Украинадагы өкүлү Сильвиу Доменте кызматкерлер медициналык жардам көрсөтүүнүн ордуна жүктөрдү бир жерден экинчи жерге ташып, сактап калуу менен алек болуп жатканын айтты.
Ал Украинада саламаттык сактоо объектилерине, анын ичинде гуманитардык кампаларга жасалган чабуулдардын көбөйүшү абдан тынчсыздантып жатканын белгиледи.
Шерине