Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Украин Коопсуздук кызматынын башкы кеңсесине дрон менен сокку урулду

Украинанын Коопсуздук кызматынын имараты. (архив)
Украинанын Коопсуздук кызматынын имараты. (архив)

4-сентябрь күнү Орусия Украинанын Коопсуздук кызматынын башкы кеңсесине дрон менен сокку урду. Имаратта өрт чыкты.

Социалдык тармактарда тараган сүрөттөрдө беш кабат имараттын эки терезесинен түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.

Киевдин мэри Виталий Кличко шаардын Шевченко районундагы "турак эмес имаратка дрон тийгенин", тогуз адам жабыркап, жетөө ооруканага жеткирилгенин билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский Коопсуздук кызматынын башкы кеңсесине сокку урулганын, дрон мекеменин жетекчисинин милдетин аткаруучу Александр Покладдын иш бөлмөсүнө багытталганын ырастады. Поклад өзү ал убакта имаратта болгон эмес.

Зеленский Украина "орусиялыктардын бул соккусуна "сезилээрлик" түрдө жооп кайтарыларын эскертти.


Шерине

XS
SM
MD
LG