Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

"Бишкек Аренанын" курулушунун баасын атайын комиссия тактайт

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" жаңы стадионунда. Бишкек. 22-август, 2026-жыл
Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" жаңы стадионунда. Бишкек. 22-август, 2026-жыл

Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Бишкектин четиндеги Орок айылында курулган «Бишкек Арена» стадионуна канча каражат сарпталганы азырынча тактала электигин 4-сентябрда билдирди. Ал курулуштун акыркы баасын аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Алагөзов соңку күндөрү социалдык тармактарда стадиондун курулушуна 60 миллион доллар сарпталганы тууралуу маалымат тарап жатканын айтып, бул сумма объекттин акыркы баасы эмес экенин белгиледи.

"Бир дагы мамлекеттик орган же расмий тарап стадион “60 миллион долларга курулуп бүттү” деп айткан эмес. Мындай масштабдуу объектти 60 млн долларга арзан куруу мүмкүн эмес", - деп жазды ал.

Алагөзов дүйнөдө 50-60 миң орундуу заманбап стадиондордун курулушу кеминде 500 миллион доллар турарын да белгилеп, ошол эле учурда «Бишкек Арена» мынчалык кымбатка турбаганын кошумчалады.

Мындан эки жыл мурун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев стадиондун курулушу башталган учурда долбоорго болжол менен 60 миллион доллар талап кылынарын айтканын бир катар маалымат каражаттары жазышкан.

Президенттин басма сөз катчысы ошондой эле социалдык тармактардын колдонуучуларын жана блогерлерди такталбаган маалыматты таратпоого чакырды. Ал айрыкча стадиондун курулушун коңшу мамлекеттердеги объектилер менен салыштырып, Кыргызстандагы стадион арзаныраак курулганы тууралуу билдирүүлөрдү "куру пиар" деп сыпаттады.

51 миң орундуу "Бишкек Арена" стадионунда 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өттү.

Жаңы стадиондун курулушуна президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-августунда капсула салган. Курулуш башталганда анын жалпы сыйымдуулугу 35 миң орун экени айтылган. Бир жылдан кийин орундардын саны 40 миңге көбөйтүлгөнү кабарланган.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG