Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

IPHR: Кыргызстанда бийликти сындагандарга, журналисттер менен активисттерге басым уланууда

Иллюстрациялык сурөт.
Иллюстрациялык сурөт.

Адам укуктары боюнча эл аралык International Partnership for Human Rights (IPHR) уюму Кыргызстандагы жарандык эркиндиктердин абалы боюнча жаңы баяндамасын жарыялады. Баяндаманын авторлору 2026-жылдын март айынан августка чейинки абалга токтолуп, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин деле бийликти сындагандарга карата саясат жумшарат деген үмүт акталбаганын белгилешкен. Айрымдарга актоо өкүмдөрү чыгарылып, адамдар бошотулганына карабастан журналисттерге, блогерлерге, активисттерге жана оппозиция өкүлдөрүнө карата кылмыш иштерин козгоо улана бергени да айтылат.

Баяндама CIVICUS Monitor эл аралык уюму үчүн даярдалып, өлкөдөгү басма сөз эркиндиги, ЖМК, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү жана тынч жыйындарга чогулуу укуктарына басым жасалган.

Президент Садыр Жапаров дээрлик ар бир маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, саясатчыларга басым-кысым жоктугун кайталап айтып келет. Мамлекет башчы журналист Али Токтакуновго берген соңку интервьюсунда дагы саясий куугунтук жок экенин, алдыда боло турган президенттик шайлоого катышам дегендерге шарт түзүлөрүн айткан. Жапаров журналисттер, блогерлер бийликтин көрсөтмөсү менен эмес, мыйзамдын негизинде камалып жатат деген пикирин билдирген.

Быйыл май айында International Partnership for Human Rights (IPHR) уюму, Казакстандын адам укуктары жана мыйзамдуулук боюнча эл аралык бюросу, Борбор Азиядагы адам укуктары ассоциациясы (AHRCA) жана Түркмөнстан Адам укуктары боюнча демилгеси (TIHR) чогуу билдирүү жасап, Борбор Азия өлкөлөрүндө жарандык мейкиндикти жана жеке пикирди чектөө максатында онлайн репрессия колдонуу күч алганын эскертишкен.

"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму басма сөз эркиндиги боюнча жаңы докладын жана 180 өлкөнүн рейтингин жарыялаганда Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыга салыштырганда эки баскычка ылдыйлап, 146-сапка жайгашканы белгилүү болгон. (КЕ)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG