Орусияда 15 жаштагы окуучу кыз Сайкал Вазирова Санкт-Петербургдагы май куюучу жайды өрттөөгө айыпталып, жети жылга эркинен ажыратылды жана жашы жете электер үчүн түзөтүү колониясына жөнөтүлдү. Ишти Батыш аймактык аскер соту карап, 19-августта ушундай өкүм чыгарганын Mediazona басылмасы анын жактоочусуна таянып билдирди.
Тергөөнүн маалыматына караганда, быйыл 23-февралда Вазирова Санкт-Петербургдун Приморск районундагы "Татнефть" май куюучу жайындагы колонкага тез тутануучу суюктук чачып өрттөп жиберген.
25-февралда ал терроризмге байланыштуу иштин алкагында камакка алынган. Бирок кийинчерээк анын айыбы өзгөртүлүп, "мүлккө олуттуу зыян келтирген террордук актыны жасоо" деп алмаштырылган.
Орусиянын Тергөө комитети билдиргендей, Вазировага белгисиз адамдар телефон чалып, аны өрт коюуга "мажбурлашкан". "Ротонда" басылмасы белгисиз адамдар аны менен Телеграмдагы таанышуу ботунан байланышканын жазган. Кыздын жайгашкан жерин аныктап алгандан кийин алар аскердик объектилер тууралуу маалымат үчүн "акча сунушташкан, бирок ал баш тарткан" деп маалымдалган.
Белгисиз колдонуучу анын геолокациялык маалыматтарына таянып, ал турган жерге дрондорду жөнөтөрүн айткан. Вазирова чаттын скриншотун алып, аны "Коопсуз интернет лигасынын" жетекчиси Екатерина Мизулинага жөнөткөн, бирок эч кандай жооп алган эмес. Кийинчерээк аны менен өздөрүн ФСБнын өкүлдөрү деп тааныштырган адамдар байланышып, өзүнө каршы "мамлекеттик чыккынчылык" тууралуу берене менен иш козголгонун айтышкан. Ошондой эле "тыңчылар келди" делген май куюучу жайды өрттөөнү буйрушкан. Ал өрт коюу аракетинен бир саат өткөндөн кийин кармалган.
Басылманын маалыматына караганда, Сайкал Вазированын ата-энеси теги Кыргызстандан болушат. Өзү ата-энесине жардам берүү үчүн курулушта иштечү.
"Медиазонанын" маалыматына караганда, 2026-жылдын март айына карата телефон шылуундарынын аракетинин аркасы менен Орусияда 300 өрт катталган. Шылуундардын кылтагына илингендердин дээрлик бардыгына теракт жасоо боюнча кылмыш иши козголуп, узак мөөнөткө соттолушкан.
Шерине