Кыргызстандын Министрлер кабинети өлкөнүн мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык автомобилдик жол менен мунай ташууга убактылуу визасыз тартипти белгилеген токтом кабыл алды. Бул тартип Кыргызстанга мунай ташыган Кытайдын жарандарына карата гана колдонулат.
Документте визасыз режим өлкө аймагына мунай ташып келген күндөн тартып беш суткадан ашпаган мөөнөткө деп белгиленген. Эгер айдоочулар бул тартип бузса Кыргызстан аларга карата тышкы миграция жөнүндөгү мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды колдонот.
Документ 4-сентябрдан тартып күчүнө кирди.
Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды ташып келүү боюнча Орусия, Беларус, Кытай жана Өзбекстан менен кызматташып жатканын буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү май менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча кезектеги жыйында айткан.
Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди.
Бийлик абалды жөнгө салып, бензиндин, дизелдин кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн 25-майдан тартып АИ-92, газ жана дизелге мамлекеттик субсидия киргизген. Ал 30-сентябрга чейин уланат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев буга чейин Кыргызстан Кытайдан, Түркиядан жана Беларустан күйүүчү май ташып келгенин айткан. Ал 30-июлда Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май алып келүү боюнча келишимге кол койгонун билдирген. (КЕ)
Шерине