Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, V Элдик курултай 2026-жылдын 18-декабрында өтөт. Жарлыкта белгиленгендей, ага 700 делегат катышат. Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо, координациялоо боюнча уюштуруу комитети жана убактылуу жобо бекитилди. Делегаттар "Элдик курултай жөнүндө" конституциялык мыйзамга ылайык шайланат.
Министрлер кабинетине, Президентинин иш башкармасына, облустук администрацияларга, жергиликтүү бийлик жана тийиштүү мекемелерге курултайды уюштуруу тапшырмасы берилди. Коомдук коопсуздукту Ички иштер министрлиги камсыз кылат.
2025-жылы төртүнчү Элдик курултай 25-26декабрда өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат катышкан.
Анда тышкы карыз, жабык жайлардагы адам укугунун сакталышы, жер мунапысы, чет жакта жашаган мекендештердин шайлоого талапкер катары катышуу укугу, үй-бүлөлүк зомбулук, мектеп маселеси жана башка көйгөйлөр көтөрүлгөн.
Иш-чарага чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин жана диний конфессиялардын өкүлдөрү да чакырылган.
“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам 2023-жылы 24-июлда кабыл алынган. Анда делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган. Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу. Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда өткөн. (КЕ)
Бешинчи Элдик курултай 18-декабрга белгиленди
Шерине