Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Орусияда Сочи жана "Сириус" аймагы дрон чабуулуна кабылды, мунай базасында өрт чыкты

Сочи. 2026-жылдын 4-сентябры.
Сочи. 2026-жылдын 4-сентябры.

4-сентябрга караган түнү Сочи жана "Сириус" федералдык аймагы жапырт дрон чабуулуна кабылды. Краснодар крайынын ыкчам штабы кабарлагандай, кулаган дрондордун калдыктары бир нече турак жайдын жана башка имараттардын терезелерин талкалап, өрттүн чыгышына себеп болгон.

Жергиликтүү бийлик мунай базасынан аймагында өрт чыкканын кабарлады. Кайсыл база тууралуу сөз болуп жатканы жана ал кандай зыян тартканы кабарланган жок. Алдын ала маалымат боюнча жабыр тарткандар жок.

ASTRA телеграм каналы Сочидеги "Роснефть-Кубаньнефтепродукт" базасына сокку урулганын жазды. Басылма күбөлөр тартып алган сүрөттөрдү дагы жарыялады. Анда

Кадрлардан дагы бир өрттүн дагы бир очогун байкоого болот. Күбөлөрдүн тасмаларын талдап чыккандан кийин, ASTRA чабуул Сочинин жанындагы орусиялык абадан коргонуу бөлүмүндө өрт чыгышы ыктымалдыгын билдирүүдө.

Жаңы Сочи районунда, токойлуу аймакта Орусиянын президенти Владмир Путиндин резиденцияларынын бири жайгашкан.

Сочинин мэри Андрей Прошунин Москва убактысы боюнча саат 00:40 чамасында дрон чабуулунун коркунучу бар экенин жарыялады. Сочи аэропортунда каттамдар убактылуу токтотулду.

"Сириус" федералдык аймагы 2020-жылдын декабрында Сочинин Адлер районунун курамына кирген Имерети ойдуңунда, 2014-жылкы Олимпиаданын көптөгөн жайлары жайгашкан аймакта түзүлгөн. Бул Орусиядагы биринчи жана учурда жалгыз федералдык аймак болуп саналат. Ал Орусиянын өзүнчө субъектиси да, кадимки муниципалдык түзүм да болбогон, өзгөчө мамлекеттик-укуктук макамга ээ.

4-сентябрга караган түнкү дрон чабуулу Орусиянын башка аймактарына да таасирин тийгизди. Москванын мэри Сергей Собянин шаарга жакындап келе жаткан 35 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ростов облусунун бийлиги алты райондо болжол менен 25 дрон жок кылынганын, ал эми Тула облусунда 17 дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады.

Дрон коркунучуна байланыштуу Самара, Ульяновск, Бугульма, Казан, Төмөнкү Кама (Нижнекамск), Уфа, Оренбург, Магнитогорск жана Краснодар шаарларындагы, ошондой эле Москванын Внуково, Домодедово жана Жуковский аэропортторунда түнкү учууларга чектөөлөр киргизилди.

Шерине

XS
SM
MD
LG