Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Министрлик Кырчында жараат алган өспүрүмдүн абалы тууралуу маалымат берди

Кырчында жабыркаган өспүрүмгө жардам берилди. 4-сентябрь, 2026-жыл.
Кырчында жабыркаган өспүрүмгө жардам берилди. 4-сентябрь, 2026-жыл.

Саламаттык сактоо министрлиги Кырчын капчыгайынан түшүп келе жатып жараат алган 15 жаштагы өспүрүмдүн абалы туруктуу экенин бүгүн, 4-сентябрда, билдирди. Маалыматка караганда, ал Ысык-Көл районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилген.

Өспүрүмгө "башына тийген соккудан мээси чайкалган, төмөнкү эрини жабыркаган" деген диагноз коюлган. Дарыгерлер бейтапта ретрограддык амнезия да байкалып жатканын айтууда. Ал жараат алган учурду жана жагдайларын эстей алган эмес. Дарыгерлердин, анын ичинде нейрохирургдардын кароосунан кийин өспүрүмгө тиешелүү дарылоо дайындалды.

"Учурда бейтаптын абалы туруктуу, начарлашы байкалган жок. Неврологиялык, менингеалдык жана башка патологиялык белгилер байкалбайт", - деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Бала кошумча КТ-изилдөөдөн өтүү үчүн Балыкчы шаарына жеткирилди.

Эки күн мурда Кырчын жайлоосунда 9 жаштагы кыз дем алуусу кыйындап дарыгерлерге кайрылганы кабарланган. Текшерүүдөн кийин абалы турукташып, ал Чолпон-Ата ооруканасына жиберилген.

Быйыл Кыргызстанда VI Көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында (Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында) өтүп жатат.

Беттештер өтүүчү аянтчаларда медициналык пункттар, мобилдик медициналык бөлүмдөр жана көчмө госпиталь уюштурулуп, тез жардам бригадаларынын иши күчөтүлүп, 600дөй медицина кызматкери иштей турганы кабарланган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG