Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Ош базары жаңы соода-базар комплекси толук бүткөндөн кийин гана көчүрүлөт. Бошогон аймакта эс алуу үчүн заманбап жашыл зона түзүү каралган. Курулуш иштерин августка чейин аяктоо пландалууда. Бул тууралуу 10-майда президент Садыр Жапаров жаңы базардын курулушу менен таанышкан учурда айтылды.
Объектинин жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөт. Имарат эки кабаттан жана жер алдындагы курулуштан турат. Долбоор боюнча жалпысынан 10 миңден ашуун соода орду каралган. Ар бир блокто аянттар соода багыттарына жараша бөлүштүрүлөт.
Базардын ордун которуу демилгеси 2024-жылы көтөрүлүп, ал шаардын түндүк-батыш тарабына көчүрүлөрү айтылган. Мэрия ошол жылдын июль айында турак жай кварталын, "Ош базарынын" жаңы комплексин, жаңы Батыш автобекетин жана башка социалдык объектилерди камтыган көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталганын билдирген.
Комплекс Фучик көчөсүнүн батыш тарабында, Бишкектен “Манас” эл аралык аэропортун көздөй бараткан жолдун боюнда жайгашары маалымдалган.
Былтыр март айында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ош базары көчүрүлө турган жаңы базар үч айдын аралыгында курулуп бүтөрүн жана азыркы ордунда соода кылууга толук тыюу салынарын билдирген. Базарды көчүрүүгө айрым соодагерлер каршы чыккан. (КЕ)
Ош базары жаңы соода комплекси толук бүткөндө көчүрүлөт
Шерине