Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:31

Эдинбург университетинде борбор азиялык мигранттардын көйгөйү талкууланды

Эдинбургдагы жыйындын катышуучулары. Шотландия. 9-май, 2026-жыл.
Эдинбургдагы жыйындын катышуучулары. Шотландия. 9-май, 2026-жыл.

9-май күнү Шотландиядагы Эдинбург университетинде "Миграция изи" деп аталган жыйын болду. Анда Борбор Азиядан Улуу Британияга мезгилдик иштерге иштегени барган мигранттардын чет өлкөлөрдөгү жана мекенине кайткандан кийинки көйгөйлөрү талкууланды.

Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын элчиликтеринин өкүлдөрү да катышып, утурумдук иштерде иштеген жана башка мигранттардын абалы, көйгөйлөрү тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле жергиликтүү иш берүүчүлөр, мигранттарды колдоочу уюмдардын өкүлдөрү да катышты.

Иш-чаранын уюштуруучусу, Улуу Британиядагы кыргызстандыктардын диаспора башчысы Рахат Жусупованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, иш-чарага Британиядан тышкары Евробиримдиктеги айрым өлкөлөрдөн кыргызстандыктар, элчиликтерден өкүлдөр да барды.

10-май күнү спорттук иш-чара уюштурулуп, футбол, волейбол, аркан тартыш жана башка спорт оюндары боюнча мелдештер уюштурулду. Беттештер борбор азиялык мигранттардан түзүлгөн командалардын ортосунда өттү.(ZKo)



Шерине

XS
SM
MD
LG