10-майдан 12-майга чейинки күндөрү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирип, элди этияттыкка чакырууда.
Министрлик өзгөчө майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактоону эскертип, мүмкүн болушунча тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарга баруудан, дарыялардын жана капчыгайлардын жээгинде эс алуудан карманууга чакырды.
Ошондой эле нөшөрлүү жаан-чачын маалында тоолуу жолдор менен жүрбөө да эскертилди.
Апрелдин аягы, майдын башында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын бир нече райондорунда жана шаарларында сел жүрдү. Оштун Алай районунун Гүлчө шаарында, Баткендин Кадамжай жана Баткен райондорунда селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Баткендин сел жүргөн айылдарынан 149 адам эвакуация болгон.
Баткендеги селдин чыгымы 20 млн сомдон ашканы кабарланды.(ZKo)
Шерине