Белгилүү кыргызстандык окумуштуу, синолог, тилчи Мухаме Имазов 86 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 5-сентябрда маркумдун кесиптештери маалымдашты.
Мухаме Имазов дунган тилин изилдөө боюнча алдыңкы окумуштуулардын бири, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, мыкты чыгыш таануучу, жазуучу жана коомдук ишмер болгон.
Ал 1941-жылы Чүй облусундагы Александровка айылында туулган. 1964-жылы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Өзүнүн кесиптик ишмердигин эне тили - дунган тилин жана башка чыгыш тилдерин изилдөөгө арнаган.
1999-жылдан 2021-жылга чейин Улуттук илимдер академиясында Дунгантаануу жана кытай изилдөө борборун жетектеп турган.
Дунган тили боюнча көптөгөн илимий эмгектердин автору, "Орус-дунган сөздүгүнүн" тең автору.
Илимий китептерден тышкары Мухаме Имазов балдар үчүн орус жана дунган тилдеринде аңгемелерди жазган. Кыргызстан Эл ассамблеясы уюмунун коомдук иштеринде жигердүү катышуучу болгон.
2011-жылы окумуштууга "Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер" наамы берилген.
Шерине