Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Кыргызстанда виртуалдык активдерди лицензиялоо үчүн жаңы санарип платформа түзүлөт

Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук кеңештин үчүнчү жыйынында. Чолпон-Ата. 5-сентябрь, 2026-жыл.
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук кеңештин үчүнчү жыйынында. Чолпон-Ата. 5-сентябрь, 2026-жыл.

Кыргызстанда виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү лицензиялоо жана мамлекеттик көзөмөл процесстерин санарип форматка өткөрүүгө мүмкүндүк бере турган бирдиктүү платформа түзүлөт. Бул маселе 5-сентябрда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен өткөн Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин үчүнчү жыйынында каралды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүүнүн Кыргызстан үчүн стратегиялык маанисин белгиледи. Ошондой эле виртуалдык активдерди, блокчейн-технологияларды жана финансылык жаңы санарип жабдыктарды өнүктүрүү зарылчылыгын айтты.

Садыр Жапаров Улуттук кеңешти түзүү өз убагында кабыл алынган чечим болгонун, бир жарым жылда ал тармакты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын, кесипкөй коомчулуктун жана эл аралык өнөктөштөрдүн аракеттерин бириктиргенин белгиледи.

Президент платформанын ишин илгерилетүү үчүн тиешелүү тармактарга бир катар тапшырмаларды берди. Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттикке платформанын наркын аныктоо жана аны каржылоо булактары боюнча сунуштарды бир айдын ичинде киргизүү тапшырылды. Улуттук банкка санарип сомдун базалык платформасын иштеп чыгып, аны 31-декабрга чейин пилоттук тестирлөөдөн өткөрүү тапшырылды. Башкы банк 2027-жылдан тартып санарип сомду реалдуу шарттарда тестирлөөгө киришүүсү жана аны этап-этабы менен улуттук деңгээлде жайылтуусу тийиш.

Жыйында айтылгандай, бирдиктүү платформа 2027-жылдын 1-январынан тартып пилоттук режимде тестирленет.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө кадрларды көбөйтүү зарылдыгын белгилеп, Илим жана жогорку билим берүү министрлигин тиешелүү адистерди сапаттуу даярдоого милдеттендирди.

Кыргызстан виртуалдык активдер жана технологиялар жаатында аймактык хаб боло аларын президент Жапаров буга чейин да айткан. (ZKo)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG