АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер 5-сентябрда Москвага барышты. Бул тууралуу Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары жана Reuters агенттиги кабарлады.
Аларды Внуково аэропортунан Орусия президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев тосуп алды.
Маалыматтарга караганда, америкалык өкүлдөр Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу маселеси боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Андан соң жекшемби күнү Киевге барып, украин тарап менен да жолугушууларды жүргүзөт.
Алардын максаты согушту токтотуу тууралуу сунушту жеткирүү экенин АКШ президенти Дональд Трамп 4-сентябрда журналисттерге билдирген.
"Бизде тынчтыкка жетүүнүн идеясы бар. Биз аларды ошол жакка жыйынтыкка жетүүгө мүмкүнчүлүк бар-жогун аныктоо үчүн жөнөттүк. Биздин аракетибиз ийгиликтүү болушу толук мүмкүн", - деди Трамп.
Ал сунуштун мазмуну тууралуу башка маалыматтарды келтирген жок.
Орусия, Украина жана АКШнын үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн акыркы раунду быйыл 17-18-февраль күндөрү Женевада өткөн. Кийинки жолугушуу 5-мартта Абу-Дабиде өтмөк, бирок АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталганына байланыштуу токтоп калган.
Шерине