Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов 20 жылдай мурда ооруканада балдарына иммундук жетишсиздик вирусун – ВИЧ илдетин жапырт жуктурган улан-кыздарга кошумча каражат жана Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу батир берүү демилгесин көтөрдү.
Бул тууралуу ал парламенттин 15-октябрдагы акыйкатчынын баяндамасы угулган жыйынында айтып, омбудсмен Жамиля Жаманбаеваны ушул маселеге көңүл бурууга чакырды.
Ушул тапта ВИЧ жуккан балдарга ай сайын 6600 сомдон жөлөк пул төлөнүп берилет. Балдардын ата-энелери бул сумма дары-дармекке араң жетип жатканын айтып, бой жеткен балдарын турак жай менен камсыз кылууну талап кылышкан.
2007-жылы Ош облустук балдар ооруканасынан жана Ноокат райондук ооруканасынан эки жашка толо элек ондон ашуун наристеге ВИЧ жукканы аныкталган. Бул үрөй учурган окуя кыргыз медицинасынын тарыхындагы чоң трагедия болуп калды. Иликтөөлөрдө илдет кан куюу жолу менен жукканы айтылып, соттук териштирүүлөр жүргөн. Алгач ВИЧ 20дай наристеге жукканы аныкталып, кийин бул сан 422ге жеткен.
Дарт жуккан балдардын көбү Ош, Манас шаарларында, Сузак, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда жашайт. Айрымдары чөйрөсүндөгү кодулоодон башка жакка көчүп кетүүгө аргасыз болгон.
Кыргызстанда ВИЧти ооруканадан жугузуп алгандарга акчалай кенемте төлөп берүүнү караган мыйзам 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирип, ата-энелерге бир жолку төлөнчү 100 миң сомдон берилген. Кийин ай сайын жөлөк пул бериле баштаган.
ВИЧ жуктурган 422 баланын учурда 361и дарыгерлердин көзөмөлүндө болсо, 61и каза болгон.
ВИЧ – иммундук таңкыстыктын вирусу. ВИЧ оорусун жугузуп алган адамдар көп жыл бою – 5 жылдан 15 жылга чейин өз оорусун билбей жүрө берет, өзүн соо адамдардай сезет, бирок вирус канында болгондуктан тездик менен көбөйөт жана кийин адам тез-тез ооруйт.
ВИЧ менен күрөшүүдө Кыргызстанга эл аралык уюмдар жардам берип келген. 2025-жылы эл аралык программаларды каржылоо азайган же токтогон. Учурда Кыргызстанда ВИЧке каршы күрөшүүдө дары-дармекке кеткен каражаттын 80% мамлекет бөлүп берет. (BTo)
Шерине