Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Абдибаеванын мандатын алууну талап кылган юрист УКМКга чакырылганын айтты

Адилет Мерканов
Адилет Мерканов

Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу талабы менен кол топтоп, парламентке арыз таштаган юрист Адилет Мерканов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакырылганын билдирди.

Бул тууралуу ал 15-октябрда Фейсбук баракчасына "Бүгүн саат 15:00гө УКМКга чакырылдым", - деп жазды.

Мерканов 2,5 сааттай УКМК тергөөчүлөрүнүн суроолоруна жооп берип чыкканын "Азаттыкка" билдирди:

"Өзүмдүн позициямды айтып бердим. Балдардын, аялдардын укуктарын коргоо, эмне максатта жазып жатканыбызды, эмне менен күрөшүп жатканыбызды айтып бердим. Мен дагы депутаттын өзүнө байланыштуу, кызын эмнеге ишке алганын айтып арыз жаздым", - деди юрист.

УКМК юристтин бул маалыматы боюнча комментарий бере элек.

14-октябрда Мерканов Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу талабы менен 31 миң 900 адамдан чогултулган кол парламентке тапшырылып, арыз ташталганын кабарлаган.

Анын сөзүнө караганда, арыз Жогорку Кеңештин сегиз тармактык комитетине жана беш депутаттык тобуна берилген. Ал Жогорку Кеңештин регламенти боюнча эми үч күндүн ичинде депутаттык топ түзүлүп, ал арызды бир айдын ичинде карап чечим кабыл алышы керектигин айткан.

Айсаракан Абдибаева 29-сентябрда Кылмыш-жаза кодексиндеги сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар боюнча жаза айрымдар үчүн катаал болуп жатканын билдирген. Ушундан улам пробациялык жаза чегерүү жагын карап көрүү зарыл экенин сунуштаган. Ошол жыйында укук коргоо органдары жарандардын адеп-ахлактык саламаттыгына, жыныстык кол тийбестигине жана эркиндигине каршы кылмыштарды алдын алуу боюнча мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маалымат беришкен.

Депутат парламенттин 7-октябрдагы отурумунда талкуу жараткан билдирүүсүнө түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүнө (“Зордуктоо”) жана 157-беренесине (“Он алты жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) байланыштуу сунуш берүүсүнө шайлоочулары жана башка жарандардын кайрылуусу негиз болгонун кабарлаган. Педофилдерге же кылмышкерге пробация берип, жазасын жеңилдетүү жөнүндө сөз сүйлөбөгөнүн кошумчалап, ага каршы атайын каралоо иштери жүрүп жатканын жана аны аныктоо өтүнүчү менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрыларын айткан.

Айсаракан Абдибаеванын талаштуу билдирүүсүнөн кийин аны мандаттан ажыратуу боюнча петиция жарыяланып, кол топтоо башталган.

Депутат бул топтун артында кимдер туруп, кимдер демөөрчүлүк кылып жатканын аныктоо үчүн УКМКга кайрыларын 7-октябрдагы парламент жыйынында билдирген. (КЕ)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG