Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Зеленский Орусиянын мунай заводдору кайра бутага алынарын билдирди

Владимир Зеленский Лондондо
Владимир Зеленский Лондондо

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна чабуулдар кайра жанданганын жарыялады.

Лондондогу сапары маалында Financial Times басылмасына маек курган Зеленский: "Тыюу [мунай заводдорго] алынды. Жетишет!" – деп билдирди.

Ал Москва Украинанын энергетикалык инфраструктурасын аткылап, талкалап, карапайым элди өлтүрүп жаткан кезде Киев АКШнын талабын аткаруу үчүн орусиялык мунай объектилерине соккуларды токтото турганын айтты.

Зеленскийдин маалыматына караганда, акыркы аптада Орусиянын чабуулдарынан Украинада 100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

Буга чейин Орусиянын вице-премьери Новак Украинаны энергетикалык элдешүү тартибин сактабай жатканын, Саратов жана Рязандагы мунай заводдоруна сокку урганын айтып айыптаган. Ал учурда Украина мунай заводдоруна эмес, дата-борборлорго чабуул койгонун билдирген.

Зеленскийдин айтымында, Украина Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна соккуларды токтотконуна карабастан, украин аскерлери баллистикалык ракеталар тууралуу америкалык эскертүү системаларынан маалымат ала албай калган. Starlink системасынын иши өлкө боюнча жайлап, майдандагы операцияларды жана Орусиянын аскердик объектилерине орто аралыктагы соккуларды татаалдаштырган.

Зеленский билдиргендей, америкалык тарап буга чейин украин аскер жетекчилерине чалгындын маалыматтары менен бөлүшүүнү токтоторун эскерткен, бирок кийинчерээк бул Киевге техникалык мүчүлүштүк катары түшүндүрүлгөн. Украин президенти Starlink спутниктик системасынын ишиндеги үзгүлтүктөрдү техникалык көйгөй эмес, "каалоо" деп атады.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп буга чейин Кремл менен дизел жөнүндө келишимге келгенден кийин Украинага жаңы президент керек экенин жар салган.

Дизел келишими Вашингтон менен Киевдин ортосундагы мамилени курчутту. Москва муну өзүнүн жеңиши катары кабыл алгансыды. Келишим тууралуу Украинанын делегациясынын АКШга сапары маалында жарыяланган.

11-октябрда Трамп Truth Social социалдык тармагында Украина менен Орусиянын ортосунда "энергетикалык элдешүү" болгонун жарыялаган. Андан кийин Зеленский бул тууралуу эч нерсе билбей турганын түшүндүргөн, бирок кийин Орусиянын мунай объектилерине сокку урбоого макул болгон.

Кремл да "энергетикалык элдешүү" боюнча макулдашууга жетишилгенин ырастаган эмес. Анда сүйлөшүүлөр уланып жатканы белгиленген. Ошол эле учурда 14-октябрда Орусия Киев шаарындагы жана Киев облусундагы үч жылуулук электр борборуна сокку урган, анын натыйжасында Украинанын борборунун бир бөлүгү жарыксыз калган.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG