Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:14

Кара-Сууда алты жашар кызга ыдык көрсөткөн деген шек менен бала бакча кызматкери кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы жеке менчик бала бакчалардын биринде алты жаштагы кызга ыдык көрсөткөн деген шек менен бакчанын 50 жаштагы кызматкери 13-декабрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 15-октябрда Кара-Суу райондук соту чыгарды.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Ыплас аракеттер” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жабырлануучунун апасы алты жаштагы кызы сексуалдык зомбулукка кабылганын, милицияга арыз жазып, бирок тергөө создугуп жатканын билдирген. Ал окуя 2026-жылдын август айында болгонун, кызы ага тарбиячы жыныстык мүчөсүн көрсөтүп, кармоону талап кылганын айтып бергенин “Азаттыкка” кабарлаган. Аял 13-августта милицияга арыз жазганын, бирок тергөөнүн жүрүшүнө нааразы болуп 12-октябрда прокуратурага да кайрылганын кошумчалаган.

Камакка алынган шектүүнүн жубайы, бала бакчанын ээси айыптоолорду четке кагып, окуяны “жалган” деп атаган.

Ош облустук милициясы кызга соттук психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалып, айрым корутундуларды күтүп жатканын билдирген. (BTo/NKu)

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG